Кыргызстандын үч ири суу бассейнинен браконьердик торлор жана таштандыктар чыгарылып, алар кайра иштетүү үчүн Бишкекке жөнөтүлдү. Бул иш-чаралар Ысык-Көл, Сон-Көл жана Токтогул суу сактагычында жүргүзүлдү.
Өткөрүлгөн иштер Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасын аткаруу максатында жүргүзүлдү. Бул процессде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суу түбүн изилдөөчүлөрү, Ички иштер министрлигинин туристтик-экологиялык милициясынын кызматкерлери жана Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин кызматкерлери биргелешип иштешти.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдирүүсүнө таянсак, чыгарылган торлордун көлөмү төмөнкүдөй бөлүнгөн:
Чыгарылган синтетикалык торлор жана таштандыктар айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизбеш үчүн Бишкектеги таштандыларды кайра иштетүүчү заводго жеткирилди. Бул иш-чаралар өлкөнүн суу бассейндеринин экологиялык абалын сактоо жана жаратылыш чөйрөсүн коргоо үчүн багытталган.











