Кыргызстанда эл аралык конноспорт комплекси куруу боюнча инвестициялык долбоор иштелип жатат. Бул комплекс болжол менен 70 гектар жерди ээлейт.

Долбоорго эл аралык класстагы ипподром, машыктыруучу жайлар, конюшнялар, ветеринардык жана генетикалык изилдөө борборлору, ошондой эле 500дөн ашуун номерлүү конок үй жана башка инфраструктура кирет.

Трибуналардын кубаттуулугу 30 миңге жетиши пландалууда, ал эми комплекстин жалпы мүмкүнчүлүгү 3000ге чейинки атты кармоого багытталган.

Аталган спорт объектиси эл аралык мелдештерди, көргөзмөлөрдү жана племяндык аттардын аукциондорун өткөрүүгө сунушталат.

Долбоор спорт, племяндык атчылык, туризм жана гостиница бизнеси чөйрөлөрүн бириктирип өнүктүрүүнү көздөйт.

Инвестициянын көлөмү жана булактары азырынча жарыяланган жок. Кийинки баскычта экономика ылайыктуулугу жана мыйзамдуулугу боюнча илимий-техникалык негиздеме түзүлөт.

Бул маалыматтар Кыргыз Республикасынын инвестиция боюнча улуттук агенттигинин башчысы Равшанбек Сабиров менен ички Монголиянын жана Гонконгдун өкүлдөрү менен жолугушуудан кийин алынган.