Бишкекте Б. Турусбеков атындагы Кыргыз мамлекеттик физикалык маданият жана спорт академиясы үчүн жаңы заманбап спорттук комплекс курулууда. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн стабилизациялоо фондунун каражаттары колдонулууда.

Архитектуралык долбоорго ылайык, жаңы объекттин жалпы аянты 12 миң квадрат метрди түзөт. Комплекстин курамына Олимпиада стандарттарына жооп берген 1 250 квадрат метрлик жабык бассейн, машыгуу бассейни жана 560 орундуу көрүү трибунасы кирет.

Комплекстин негизги көрсөткүчтөрү

12 000жалпы аянты, м²
1 250жабык бассейндин аянты, м²
560трибунадагы орундар

Мындан тышкары, комплекстин аймагында ачык футбол стадиону, мини-футбол үчүн эки аянтча, баскетбол үчүн эки аянтча жана пляж футболу үчүн бир аянтча куруу каралган.

Курулуш иштерин «Кыргызкурулуш» мамлекеттик ишканасы жүргүзүүдө. Учурда катрыны казуу иштери аякталып, бетон куюу иштери жүрүп жатат.

70 жылдык тарыхы бар академиянын жаңы инфраструктурасы заманбап архитектуралык талаптарга жана эл аралык стандарттарга ылайык түзүлүүдө. Бул долбоордун ишке ашышы спортчуларды даярдоо шарттарын жакшыртууга жана өлкөнүн спорттук тармагын өнүктүрүүгө чоң салым кошот.