Жогорку Кенештин отурумунда депутат Эрулан Кокулов Умрага саякат уюштурган компаниялардын ишине көзөмөлдү күчөтүү керектигин белгиледи. Ал «Нур Умра Трэвел» компаниясы тарабынан кичи хаджга жөнөтүлгөн жүздөгөн кыргызстандыктардын жашган адамдары менен бирге Ташкентте кыйынчылыкка кабылганын айтты.
Депутаттын айтымында, жаман уюштуруунун кесепетинен көптөгөн жарандар Умрага уча албай калышкан. Алардын айрымдары мейманканадан чыгарылып, көчөдө калышканы белгиленди.
Компаниянын жетекчиси Мирзат Кошоева кармалды. Мындай уят окуялар кайталанбашы үчүн Өкмөт мындай компанияларга болгон көзөмөлдү күчөтүүсү керек,
Эске салсак, 12-ноябрдан тарта «Нур Умра Трэвел» компаниясынан жолдомо сатып алган 100ден ашык кыргызстандык паломнистер Сауд Арабиясына бара жатып Ташкентте калып калышкан. Алардын көбүнүн визасы жана авиабилеттери жок болгон.
Учурда компаниянын жетекчиси Бишкекте алдамчылык ишине шектүүлүк менен кармалып, ага карата кылмыш иши козголду.










