Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Uno-City пансионатын куруу иштеринде долбоордук документтерден четтөөлөр болгону аныкталды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, курулуш иштери бекитилген долбоордук документтерге дал келбеген түрдө жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, пансионаттын аймагында тиешелүү долбоордук жана уруксат берүүчү документтерсиз карама-каршы көрүнүш ала турган атайын байкап көрүү аянтчасы курулуп коюлган.

Курулуштун буюртмачысы «Шумкар Эстейт» ЖЧКсы, ал эми подряддык уюм «Борсан Констракшн» ЖЧКсы болуп саналат.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча подряддык уюмга карата административдик жосун протоколу түзүлүп, эскертүү берилди. Текшерүүнүн натыйжасында айып пул салынды.

200 000 сом айып пул

курулуш ишин жүргүзгөн подряддык уюмга салынды