Ош–Баткен–Раззаков автожолунда жол кыймылын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери «Mercedes-Benz Sprinter» маркындагы унааны токтотуп, текшерүү жүргүзүшкөн. Текшерүү учурунда, унаага кошумча жабдуулар орнотулган жана ал жүргүнчү ташып Бишкек шаарына багытталганы байкалган.

Андан тышкары, кызматкерлер айдоочуда такси катары жүргүнчү ташып өтүүгө керектүү лицензиянын жоктугун аныкташкан.

Бул аныкталган бузуулар үчүн айдоочуга 13 миң сом өлчөмүндө айып салынган. Ошондой эле, унаа укуктук тартипте белгиленген жерге (айып палатасына) коюлган.