Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду жергиликтүү тургундарга жеңилдетилген насыяларды берүүдө. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Ак-Суу районунун акими Канат Калдаралиев билдирди.
Анын айтымында, «Ала-Тоо Резорт» тоо кластеринин биринчи этабын ишке ашырууда ишкердикти колдоого өзгөчө көңүл бурулууда.
Бул жылы Ак-Суу районунда «Ак-Сууну өнүктүрүү форуму» уюштурулган. Анда бизнес баштоону же өз ишин өнүктүрүүнү каалагандарга маалымат берилген. Мамлекеттик органдар жана тажрыйбалуу туристтик мекемелер жергиликтүү тургундарга сунуштарын жана кеңештерин беришкен. Бул форум кийинки жылы да уюштурулат деп пландалууда.
Учурда жергиликтүү тургундар эс алуучуларды кабыл алуу үчүн конок үйлөрүн жана кафелерди даярдап жатышат. Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду аларга жеңилдетилген насыяларды берүүдө. Ошондой эле ишкерлер үчүн жер участокторун ижарага берүү маселелери чечилип, муниципалдык объектилерди ижарага берүү мүмкүнчүлүгү каралууда.
Туристтер «Ала-Тоо Резортто» гана эс албастан, аймактын башка уникалдуу өзгөчөлүктөрү менен да таанышышы керек.
Тоо лыжа туризми менен катар жергиликтүү тургундарга жыл бою эс алуучуларды тарта ала турган этно- жана экотуризмди биргеликте өнүктүрүү сунушталууда. Бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.






















