Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Маман айылынын фермерлери быйыл өстүрүлгөн валериана («мышык тамыр») түшүмүн Россияга экспорттоп жатышат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маман айылынын калкынын басымдуу бөлүгү көп жылдардан бери ушул өсүмдүктү өстүрүү менен алектенет. Фермерлердин айтымында, быйыл түшүм жакшы, суроо-талап да өскөн.
Учурда чийки валериананын бир килограммы 100-110 сомго бааланууда. Сатып алуучулар продукцияны өздөрү кургатып, андан соң Россияга алып кетишет.
Валериана медицинада жана фармацевтикада кеңири колдонулгандыктан, аны өстүрүү Ак-Суу районунун фермерлери үчүн негизги киреше булактарынын бири болуп саналат.
Эскерте кетсек, буга чейин Ак-Суу районунда валериананын тамырынын баасы бир килограммына 70 сом деңгээлинде калыптанган. Ошол учурда Маман айылында валериананын тамырын казып башташкан, ал кезде чийки тамырдын килограммы 70 сом турган.
Жергиликтүү тургундардын айтымында, мурда бардык иштер кол менен жасалса, эми техниканын жардамы менен иштешип, сапатты жогорулатууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кол менен жууп-кургатуу көп учурда сапатты начарлатчу.
Валериананын баасы


















