Орусия Федерациясы Кыргызстандын көз карандысыздыгын жана өз алдынча жолун дайыма урматтап келген. Бул тууралуу журналисттерге Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова билдирди. Ал эки өлкөнүн ортосундагы мамиле стратегиялык мүнөзгө ээ экенин, бул документтерде гана эмес, күнүмдүк турмушта да байкаларын белгиледи.
Захарованын айтымында, Кыргызстан менен Орусиянын мамилеси убакыттын сыноосунан өткөн. Орусия дайыма жанында болуп, Кыргызстан тандаган ички, өз алдынча жана көз карандысыз жолду урматтаган. Ошол эле учурда, жардам керек болгондо дайыма колдоо көрсөтүүгө даяр болгон.
Орус тарап Кыргызстандын ички саясатына кийлигишкен эмес жана үстөмдүк кылууга умтулган эмес. Мария Захарова Кыргызстан дайыма жооп кайтарып келгенин жана эки өлкөнүн ортосундагы мамиле расмий деңгээлдеги өз ара аракеттенүүдөн да ашып кеткенин баса белгиледи.
Бул өз ара байланыштарга үй-бүлөлүк мамилелер, никелер, бизнес, экономикалык байланыштар, ошондой эле маданият, билим берүү жана стажировкалар тармагындагы кызматташтык кирет.




