Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районуна караштуу Жеңиш айылынын тургуну Эрлан Дайырбек уулу өзүнүн жумшак үнү менен угуучулардын көңүлүн буруп келет. Ал үй-бүлөлүк салттын таасири менен чыгармачылыкка умтулуп, майрамдарда элдик ырларды аткаруу менен алектенет.

Эрландын чыгармачылыкка болгон кызыгуусу ата-бабалардан калган таланттын натыйжасы. Ал өзүнүн атасы жана агасы музыкалык аспаптарды жакшы билген экенин айткан.

Атам комуз, аккордеон жана барабан ойночу болчу. Агасы да көптөгөн аспаптарды колдоно алган. Калган эки агам комуз ойноп, ыр жазышат жана элдик ырларды аткарышат.
Эрлан Дайырбек уулу

Мектепти бүткөндөн кийин Бишкек шаарында электромонтер кесибине ээ болгон жаш талант тойлордо кыргыз маданиятынын ажырагыс бөлүгү болгон элдик ырларды аткарат. Ал Рыспай Абдыкадыров, Аксуубай Атабаев жана Асанкалы Молдо (Керимбаев) сыяктуу композиторлордун чыгармаларын өзгөчө сүйөт.

Мындан тышкары, тойлордо жана кафелерде карыялар катмары Муслим Магомаевдин ырларын аткарууну көп суранышат.