9-ноябрда Иссык-Көлдүн акваториясын тазалоо боюнча иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
ӨКМдин маалыматына ылайык, Каракол шаарындагы муниципалдык пляждын аймагында суу түбүнө түшүүчү адистер катышты. Иштин жүрүшүндө көлдүн түбүнөн ар кандай тиричилик таштандылары чыгарылган.
Биосфералык аймактын экосистемасын сактап калуу максатында Иссык-Көлдү таштандылардан жана ташталган балыктор үчүн торлордон тазалоо иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.









