Кара-Көл шаарынын маданий иш-чараларын «Кара-Көл нуру керемет» ырсыз көз алдыга келтирүү дээрлик мүмкүн эмес. Бул чыгарма шаардын ар бир майрамдык кечесинде жаңырып, акыркы жылдары анын өзгөчө музыкалык жүзүнө айланды. Шаар тургундарынын жүрөгүнөн орун алган ыр бүгүнкү күндө «Авто өзү» жана «Шайыр апалар» сыяктуу чыгармачыл жамааттар тарабынан аткарылып келет.
Бул ыр качандыр бир кезде шаардын 40 жылдык мааракесине карата жазылган. Бирок анын жаралышынын түпкү себеби эмнеде? Композитор Эшим Калыбеков Turmush кабарчысына ырдын тарыхы жана өзүнүн чыгармачылык жолу тууралуу айтып берди.
Өнөргө арналган 40 жыл
Эшим Калыбеков 1964-жылы Токтогул районунун Толук айылында туулган. Ал чыгармачылыгын 1986-жылы Токтогул элдик театрында иштөө менен баштаган.
Калыбеков чыгармачылык менен гана чектелбестен, Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумун «Маданий-массалык иш-чаралардын режиссурасы» адистиги боюнча аяктап, кесиптик билимин да өркүндөткөн. Андан соң Т.Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясында белгилүү бир убакыт эмгектенген.
Учурда «Кара-Көл нуру керемет» ыры шаардын музыкалык символу катары таанылып, ар кандай муундагы угуучулардын сүймөнчүлүгүнө ээ болду. Бул чыгарма шаардын маданий мурасынын ажырагыс бөлүгү болуп, жергиликтүү жамааттардын репертуарынан туруктуу орун алды.












