Бул реорганизация функциялардын кайталанышын азайтуу жана жаратылышты коргоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында сунушталып жатат. Эки түзүм тең Ысык-Көл облусунун аймагында иш алып барат жана алардын кызматтары бири-бирине айкалышып калган. Атап айтканда, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык мониторинг, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү боюнча иштер кайталанып жатат.

Бириктирүүдөн кийин Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу «Ысык-Көл» биосфералык аймагынын бирдиктүү дирекциясы түзүлөт. Жаңы мекеме мамлекеттик экологиялык көзөмөлдү, уруксат берүү иштерин, экологиялык экспертизаны, илимий изилдөөлөрдү жана курчап турган чөйрөнүн абалын мониторингдөөнү өзүнө алат.

Документте белгиленгендей, биосфералык аймактын статусу, анын чек аралары, функционалдык зоналоосу жана колдонуудагы жаратылышты коргоо чектөөлөрү өзгөрүүсүз калат.

44штаттык бирдик (регионалдык башкармалык)
21,4 млнжылдык эмгек акы фонду (сом)
24штаттык бирдик (биосфералык дирекция)
10,7 млнжылдык эмгек акы фонду (сом)
68жалпы штаттык саны (бириктирүүдөн кийин)
32,1 млнжалпы эмгек акы фонду (сом)

Учурда Ысык-Көл регионалдык башкармалыгында 44 штаттык бирдик жана 21,4 миллион сомдук эмгек акы фонду каралган болсо, биосфералык аймактын дирекциясында 24 штаттык бирдик жана 10,7 миллион сомдук фонд бар.