Ысык-Көл облусунун туристтик потенциалы абдан кеңири жана ал пляж эс алуу менен гана чектелбейт. Аймактын кооз жаратылышы, тоолуу маршруттары, курорттук-саламаттыкты чыңдоо комплекстери, тарыхый эстеликтери жана көчмөн элдин маданияты туризмдин ар кандай багыттарын өнүктүрүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

Аталган багыттардын ичинен археологиялык мурастар региондун келечектүү ресурстарынын бири болуп саналат, бирок азырынча алар туристтик маршруттарда жетиштүү деңгээлде көрсөтүлгөн эмес. Бул мурастарды өнүктүрүү үчүн эстеликтерди көрктендирүү менен бирге, алардын сакталышын камсыз кылуу зарыл.

Мамлекеттик туризм агенттиги «Кабар» агенттигине берген маалыматына ылайык, Ысык-Көл облусу пляж, экологиялык, тоолуу, этнографиялык, саламаттыкты чыңдоо жана укмуштуу окуяларга багытталган туризмди өнүктүрүү үчүн бардык шарттарга ээ.

Туристтердин табити ар кандай экени байкалууда. Мисалы, Казакстан, Өзбекстан жана Россиядан келген коноктор көбүнчө пляж жана үй-бүлөлүк эс алууну тандашса, алыскы чет өлкөлөрдөн келген саякатчылар треккингге, ат менен жүрүү маршруттарына, боз үй лагерлеринде жашоого жана өлкөнүн табигы жана маданияты менен таанышууга кызыгуу көрсөтүшөт.

Регионго болгон кызыгуунун өсүшү статистикалык көрсөткүчтөрдө да көрүнүүдө. Мамлекеттик туризм агенттиги тарабынан келтирилген Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, аймактагы туристтик ишканалардын жана эс алуу мекемелеринин кызматтарын колдонгондордун саны өскөн.