Антимонополиялык жөнгө салуу кызматынын кызматкерлери Кара-Суу, Алай, Ноокат жана Өзгөн райондорунда көмүрдүн бааларын мониторингдөн өткөрүштү. Текшерүү учурунда сатуучуларга калк үчүн көмүрдин баасы белгиленген максималдуу деңгээлден ашпоосу керектиги түшүндүрүлдү. Ошондой эле баа белгилерин сатып алуучуларга көрүнө турган жерге коюу жана өлчөө техникасынын талаптарына жооп берген таразаларды колдонуу зарылчылыгы эскертилди.

Көмүрдүн чектелген розницалык баалары Мамлекеттик антимонополиялык кызматтын облустук бөлүмүнүн 2026-жылдын 2-ноябрындагы №4/24 буйругу менен бекитилген. Баалар райондорго, көмүрдүн маркасына жана келип чыккан жерине жараша айырмаланат.

«Мурдаш» маркасындагы көмүрдүн тоннасынын баасы

  • Алай району5 500 сом
  • Кара-Суу району7 300 сом
  • Өзгөн району7 800 сом

Мамлекеттик антимонополиялык кызмат

«Мурдаш» маркасындагы көмүрдүн тоннасынын баасы
Алай району5 500 сом
Кара-Суу району7 300 сом
Өзгөн району7 800 сом

Ноокат районунда «Бел-Алма» маркасындагы көмүрдүн бир тоннасынын баасы 7,3 миң сомдон ашпоосу керек. Ал эми «Кара-Кече» маркасындагы көмүрдүн баасы төрт райондун баарында эле бир тоннасы үчүн 10 миң сомду түзөт.

  1. 2026-жыл, 21-октябрь

    Экономика жана коммерция министрлиги бааларды жөнгө салуу боюнча №219 буйрук чыгарганы

  2. 2026-жыл, 22-октябрь

    Бааларды жөнгө салуу чектөөлөрү күчкө кирген күн

  3. 2027-жыл, январь

    Мамлекеттик бааларды жөнгө салуу мөөнөтүнүн аякташы