Ош шаарында эл аралык аэропортко бараткан жолдун 1,5 чакырымдык бөлүгүндө инфраструктураны модернизациялоо жана көрктөндүрүү иштери пландалууда.
Шаардык мэриянын билдирүүсүнө ылайык, долбоордун алкагында совет доорунан калган эски жарыктандыруу мачтактары демонтаждалып, алардын ордуна заманбап чырактар орнотулат.
Ремонттук иштер жүргүзүлгөндүктөн, аэропорт тарапка бараткан жолдун тилкеси убактылуу жабылат, ал эми карама-каршы тараптан эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Ошондой эле жолдун ортосундагы жашыл тилкеде топурак жаңыланат. Ал жерде өсүп жаткан дарактар атайын питомникке которулуп, алардын ордуна көп жылдык жасалгалык буталар отугузулат. Жаңыланган аймак автоматташтырылган сугаруу системасы менен камсыз кылынат.







