Бишкек шаарынын 151-контурунда жашаган эл жер маселеси боюнча көйгөйгө туш болуп, президент Садыр Жапаровго кайрылышты.

Тургундар райондук администрациянын имаратынын алдында топтолушуп, колдорунда кызыл мамлекеттик жер тилкелеринин актыларын кармап турушту.

Маселени чечүү үчүн видео кайрылууну даярдашып, аны президентке жолдогондугун билдиришти.