Сын-Таш айылынын тургундары жер участокторун бөлүштүрүү жана расмий каттоо процесси 1992-жылы кабыл алынган чечимдин негизинде 1994-жылы башталганын, бирок алигиче толук аягына чыга электигин айтышууда. Бул аралыкта айыл өкмөтүнүн төрт башчысы алмашкан.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, курулушка каражаты жеткендер гана үй салып үлгүрүшкөн, ал эми карапайым эл баш калкаларсыз кала берүүдө.

Бизге жер бөлүштүрүлгөн, бирок курулушка акчасы жеткендер гана үй салып алышты. Каражаты жок карапайым адамдар турак-жайсыз калып жатабыз. Айыл өкмөтүнүн төрт башчысы алмашты, бирок эч ким биздин көйгөйдү чечкен жок. Колубузда бир гана кагаз менен жашап жатабыз.
Жергиликтүү тургундардын бири

Айыл тургундары айыл өкмөтүнө кайрылганда натыйжа чыкпай, жооп катары сотко жөнөтүлүп жатышканын белгилешет. Жаштар жер адисине арыз жазышкан, бирок оң жоопту төрт гана адам алган, калгандары кароосуз калган.

Айыл өкмөтүнүн маалыматы боюнча, көптөгөн жарандар банктардан насыя алып, үлүштүк жерлерин күрөөгө коюуга аргасыз болушууда, бирок мыйзамдуу укук белгилөөчү документтерди ала алышпайт.

Ушундан улам Сын-Таш айылынын тургундары мамлекет башчысына жана жогорку жетекчиликке кайрылып, көйгөйдү чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышууда.