Жол кырсыгы кечээ, 25-июлда, Бишкек – Нарын – Торугарт автожолунун 42-43-чакырымында, Ивановка айылына кире бериште болгон. Маалыматка ылайык, жүк ташуучу унаанын айдоочусу үч дөңгөлөктүү скутердеги жигит менен кагылышып кетпөө үчүн рулду буруп, башкарууну жоготкон.

Айдоочу скутердеги адамды сүзбөй калганы менен, жүктөлгөн унаа капталына оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Жүк ташуучу унаа айып төлөөчү жайга жеткирилгени айтылды.