Иссык-Көл облусунун Орнок айылында кечээ, 16-июлда, жол кырсыгы катталды. Бензовоздун айдоочусу башкарууну жоготуп, жолдун боюнда токтоп турган ВАЗ маркасындагы жеңил унаага урулду.

Кырсык саат болжол менен 15:10да болгон, бирок айдоочулар жана жүргүнчүлөр жабыркаган жок, эч ким медициналык жардамга кайрылган эмес.

Бул факты Иссык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан каталып, учурда окуянын толук себептери жана шарттары иликтенип жатат.