Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жети облусунун тургундары менен жолугушту. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө жарандар 2286 маселени көтөрүштү, ал эми жалпысынан 4967 жазуу жүзүндөгү кайрылуу түштү. Мындай маалыматты Президент администрациясы берди.

Жолугушууларга жалпысынан 1672 жаран катышты. Көтөрүлгөн суроолордун көбү айыл чарбасы жана жол инфраструктурасына байланыштуу болду.

Маселелердин бөлүштүрүлүшү

913айыл чарбасы жана жол инфраструктурасы
528турак жай, жер жана мүлк
495социалдык коргоо, саламаттыкты сактоо жана билим берүү
268укук коргоо жана прокуратура
241сот системасы жана кечирим берүү