Өлкөнү өнүктүрүү боюнча өткөн республикалык кеңешмеде Садыр Жапаров региондордогу жолугушуулардын жыйынтыгы чыкты. Анын айтымында, жарандардын мүлккө жана жерге тиешелүү суроолору боюнча жыйынтыкта 528 кайрылуу катталган.

Президент жергиликтүү администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине көңүл буруп, кээ бир маселелердин райондук жана облустук деңгээлде чечилиши керек болгонун белгиледи. Азыркы учурда документтерди алууда узак мөөнөттүү кечигүүлөр жана юридикалык жардамдын жоктугу сыяктуу көйгөйлөр байкалууда.

Кайрылуулардын саны

913айыл чарба жана жол инфраструктурасы боюнча
225администрациялардын жана МСУ органдарынын иши боюнча
528жер, үй-жай жана мүлк маселелери боюнча

Мындан тышкары, мамлекет башчы трансформацияланган жер участкаларынын айрым аймактарда ишсиз турганын жана экономикалык пайда алып келбей жатканын баса белгиледи. Ал пландоо иштериндеги формалдуу мамилени жана муниципалдык ишканаларды контролдоону начар экенин айтып, келип түшкөн кайрылууларды системалуу түрдө талдоону тапшырды.