Бишкектеги Ак-Ордо жашоочу массивинде жашаган 2010-жылы туулган кыз колунда бычакка окшош предметтер менен жүргөнү видеого түшүрүлүп, коомчулукта талкууга алынды.

Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн өкүлдөрү тарабынан ушул факты Журналда катталып, алдын ала текшерүүлөр башталганын билдиришти.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө кыздын жеке маалыматтары такталып, ага тиешелүү процессуалдык иштер жүргүзүлүүдө.

Алдын ала чаралар бүткөндөн кийин, кыз ата-энесине өткөрүлүп берилмекчи. Тергөө натыйжасына жараша дагы тиешелүү чечимдер кабыл алынат.