Узген мамлекеттик тарыхый- маданий музей-заповеднигинде жаңы эки кабаттуу музей курулат. Бул тууралуу музей-заповедник жетекчиси Султанбек Абдыракманов билдирди.
Долбоорду каржылоону Дүйнөлүк банк колдоп, ошондой эле Узген минаретинин аймагын кайрадан куруу иштерин жүргүзүү жагы каралган.
Долбоордун каржылоосу
Султанбек Абдыракмановдун айтымында, музей курууга 2 миллион 515 миң доллар каралган, калган каражат узген минаретинин аймагын реконструкциялоого жумшалат.
Мындан мурда маалым болгондой, Дүйнөлүк банк «Сулайман-Тоо» музей комплексине жана Узген музей-заповеднигине жалпысынан 16 миллион доллар бөлүп берген.













