Turmush корреспондентинин билдирүүсүнө караганда, мурда музей 1956-жылы курулган, чатыры аккан бир кабаттуу эски имаратта иштеп келген. Жаңы имаратка көчүп келгенден кийин музейге келген коноктордун саны кескин өскөнү белгиленди.
Музейдин директору Заирбек Усеновдун айтымында, мекеме 1989-жылы түзүлүп, 1991-жылы өз ишмердүүлүгүн баштаган. Мурда редакция үчүн курулган имарат авариялык абалга келгендиктен, жаңы долбоор ишке ашырылган.
Музейдин мурунку имаратына дээрлик эч ким келчү эмес.
135 млн сом курулуштун баасы
Кыргыз Республикасынын Стабилизациялоо фондунан бөлүнгөн каражат
Жаңы эки кабаттуу имараттын биринчи кабатында этнографиялык зал, ал эми экинчи кабатында археологиялык табылгалар жайгаштырылган. Жаңы имаратка көчүп келгенден бери беш күн ичинде тарыхка кызыккан окуучулардын жана студенттердин агымы байкалууда.
Музейдин эң баалуу экспонаты — IV–V кылымдарга таандык болгон «түтүк таштар». Бул таштарды тогоюн аймагынде жашаган көчмөндөр суу берүүчү түтүк же канализация катары колдонушкан.
Ошондой эле музейде ошол мезгилдеги чүст маданиятына таандык чопо идиштер сакталуу. Алар тамак даярдоо үчүн казан катары колдонулган.






















