Ош шаарындагы Сулайман-Тоо тарыхый комплексин жаңылоо иштери башталды. ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурасы катары таанылган бул объектти модернизациялоого 12 миллион доллар каралган. Реконструкция иштери 15 айга созулат деп күтүлүүдө.
Жаңылоо иштери 12 локацияны камтыйт. Анын ичинде Сулайман-Тоонун маанилүү кире бериши болгон Суу, От жана Тоо дарбазалары, туристтик маршруттар, жолдор жана жарыктандыруу системасы жаңыланат.
Андан сырткары, 1,2 чакырым узундуктагы маршруттун боюна гольф-карлар үчүн жол, визит-борбор, кассалар жана эс алуу зоналары курулат.
Бөлүнүүчү каражаттар жана мөөнөттөр
Проекттин алкагында дагы 4 миллион доллар Узген тарыхый-архитектуралык комплексин реконструкциялоого жумшалат. Бул долбоорлор тарыхый мурастарды сактап калууга жана Кыргызстандын түштүгүндөгү туризм инфраструктурасын өнүктүрүүгө багытталган.








