Үзгөндө 13-14-ноябрда Узген архитектуралык комплексин сактоо, изилдөө жана реставрациялоо маселелерине арналган эл аралык тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чараны Мамлекеттик маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен уюштурулган. Мункуну Мамлекеттик маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын археологору, архитектор-реставраторлору, инженерлери, тарыхчылары жана маданий мурастарды коргоо боюнча башка адистер катышты.
Эки күндүн ичинде катышуучулар архитектуралык комплекстин учурдагы техникалык жана физикалык абалын карашты. Ошондой эле эстеликтерди сактоонун жана реставрациялоонун илимий негизделген ыкмалары боюнча пикир алмаштырышты.
Адистер объекттердин абалын түздөн-түз ордунан экспертизадан өткөрүп, алардын сакталышына таасир этүүчү факторлорду талдашты. Тегерек столдун жыйынтыгында комплексти андан аркы коргоо, сактоо жана реставрациялоо боюнча бир катар сунуштар иштелип чыкты жана тиешелүү протокол кабыл алынды.
Иштеп чыккан сунуштар жана эксперттик корутундулар эстеликтерди реставрациялоонун илимий концепциясын түзүү жана зарыл болгон долбоордук документтерди даярдоо үчүн негиз болот.










