Узген шаарынын мэриясынын билдирүүсүнө ылайык, шаардагы мектептерге Жалпы республикалык тестирлөөгө (ЖРТ) даярдануу үчүн керектүү окуу куралдары жеткирилди. Китептер кыргыз тили, математика жана орус тили предметтери боюнча берилген.

Окуу китептерин шаардын аймагында жайгашкан билим берүү мекемелеринин директорлоруна Узген шаарынын мэри Нурланбек Саипбаев тапшырды.

Бул иш-чара бүтүрүүчү класстардын окуучуларына ЖРТга сапаттуу даярдануу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүү жана алардын билим деңгээлин жогорулатуу үчүн багытталган.