Узген шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, кышкысын даярдык көрүү алкагында социалдык жактан аялуу катмардагы 200 жаранга акчалай жардам берилди.

Бул каражаттар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, майыптыгы бар жарандарга, ошондой эле «Тазалык», «Жылуулук» жана «Таза-Суу» шаардык ишканаларынын аз камсыз болгон кызматкерлерине көмүр сатып алуу үчүн берилди.

Жардамдын негизги максаты — кышкы мезгилде жарандардын муктаждыктарын жеңилдетүү жана үй-бүлөлөрдүн чыгымдарын азайтуу.

Мэрия тарабынан белгиленгендей, бул колдоо кышкысын жардамга муктаж болгон жарандардын жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган.