Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей комплекси реконструкция жана модернизациялоодон өткөрүлөт. Бул тууралуу комплекстин директору Медербек Апарханов билдирди.
Долбоордун экспертизасы толугу менен аяктап, азыр ал тендерге өткөрүлүп берилди. Курулуш иштери быйыл август-сентябрь айларында башталат.
Реконструкциянын алкагында тоо аймагындагы 11 объект калыбына келтирилет. Ар бир участок боюнча жумуштар аяктагандан кийин кийинкисына өтүлөт.
Курулуш иштеринин жүрүшүндө «Сулайман-Тоо» музей комплекси убактылуу зыяратчылар үчүн жабылат.
Проекттин жалпы бюджетин дүйнөлүк банк каржылайт жана ал 12 миллион 700 миң долларды түзөт. Бул каражат музей комплексти оңдоп түзөө иштери үчүн гана эмес, Ош менен кошо Узгендеги музейдин дагы реконструкциясына жумшалат.
Проекттин бүткөрүү мөөнөтү 2028-жыл деп белгиленген.













