Минздрав КР билдиргендей, Кыргызстан медициналык уюмдардын сапатын баалоо жана аккредитациялоо боюнча эл аралык тажрыйбаны изилдөөдө. Түркияда өткөн Саламаттык сактоо боюнча 12-Эл аралык конгресске катышуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын медициналык кызматтардын сапаты жана аккредитациялоо институтунун (TÜSKA) жетекчиси, профессор Байрам Демир менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар медициналык кызматтардын сапатын камсыз кылуу, саламаттык сактоо уюмдарын аккредитациялоо жана медициналык мекемелердин ишмердүүлүгүн баалоодо эл аралык ыкмаларды колдонуу маселелери боюнча пикир алмашышты.
TÜSKA тарабынан медициналык уюмдарда сапат стандарттарын киргизүү жана аларды аккредитациялоо боюнча Түркиянын тажрыйбасына, ошондой эле аны Кыргызстандын саламаттык сактоо системасынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен үйрөнүү жана колдонуу мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду.


















