Нью-Йоркто БУУнун Жогорку деңгээлдеги Ассамблеясынын алкагында саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус менен жолугушту.

Министр ВОЗго Кыргыз Республикасын узак мөөнөттүү колдоосунун үчүн ыраазычылыгын билдирип, кызматташууну мындан ары да бекемдөөгө кызыкдар экенин баса белгиледи.

Жолугушууда жол кырсыгынан жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүү, саламаттык сактоо системасын туруктуу өнүктүрүү, биринчи медициналык жардамды жакшыртуу, санитардык-эпидемиологиялык тейлөөнү санариптештирүү жана балдардын онкологиясы жаатындагы кызматташтык маселелери талкууланды.

Министр атайын медициналык мекемени ВОЗдун балдардын рагы менен күрөшүү боюнча Глобалдык платформасына киргизүү демилгесине өзгөчө көңүл бурду. Ошондой эле саламаттык сактоону санариптештирүү боюнча долбоорлор, анын ичинде телемедицина кызматын ишке киргизүү тууралуу маалымат берди.

ВОЗдун башкы директору Кыргызстанга колдоону улантууга даяр экенин, айрыкча биринчи медициналык жардамды өнүктүрүүдө колдоо көрсөтө турганын белгиледи. Бала онкологиясы боюнча демилгени колдоп, Глобалдык платформага кошулуу аракеттерине жардам берүүнү убада кылды.

Мындан тышкары, санариптик саламаттык сактоону өнүктүрүү жаатында Кыргызстандын министрлиги ВОЗ менен байланышта болорун айтты.