Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов 29–31-октябрда Түркиянын Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медициналык дүйнөсүнүн XII конгрессине катышты. Бул тууралуу Эркин-Тоо басылмасы кабарлады.

Конгрессте министр медициналык илимди өнүктүрүүдө эл аралык кызматташтыктын маанисин белгилеп, иш-чараны уюштурган Түркиянын Өкмөтүнө, Саламаттык сактоо министрлигине жана TÜSEB институттарына ыраазычылык билдирди.

Кыргызстан медициналык билим берүү, адистерди даярдоо жана алардын квалификациясын жогорулатуу, биргелешкен илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү багыттарында кызматташууга кызыкдар.
Дамир Осмонов, Кыргызстандын саламаттык сактоо министри

Осмонов ошондой эле санариптик саламаттык сактоо, телемедицина, заманбап диагностикалоо жана дарылоо ыкмаларын киргизүү жаатында тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүнө токтолду.

Бул конгресс эки өлкөнүн медицина тармагындагы кызматташтыгын бекемдөөгө жана келечектеги биргелешкен долбоорлорду талкуулоого шарт түздү.