Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Балбай айыл аймагындагы Кичи-Өрүктү айылынын тургундары таза ичүүчү суу менен камсыз болушту. Бул тууралуу Turmush басылмасы билдирди.
Долбоордун расмий ачылышы онлайн форматта өттү. Иш-чарага Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышып, өлкө аймактарында ишке ашырылып жаткан бир катар социалдык жана инфраструктуралык объектилердин ачылышына старт берди.
Айыл тууралуу маалымат
Буга чейин айыл тургундары кир суу колдонуп келишкен. Жаңы суу түтүгү системасын куруу долбоору 2024-жылы Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен эл аралык уюм аркылуу ишке ашырылган.
93 998 993 сом Жалпы чыгым
Курулушка жалпысынан 93 миллион 998 миң 993 сом жумшалды.
Курулуш иштерин «ФМУ-1» жоопкерчилиги чектелген коому аткарды. Азыркы учурда долбоор толугу менен аяктап, айыл тургундары санитардык талаптарга жооп берген таза суу менен камсыз болушту.
«ФМУ-1» компаниясы тууралуу
- Кайра каттоо: 16.09.2026
- Негизги ишмердүүлүгү: турак жай жана турак эмес имараттарды куруу
- Жетекчиси: Сюй Марина Викторовна
- Негиздөөчүсү: Волкова Лиана Ивановна
Бул маалыматтар Юстиция министрлигинин маалымат базасынан алынган.

























