Ысык-Көл облусунда жапайы жаратылышты коргоо жана изилдөө боюнча жаңы илимий борбор ишке кирди. Ал Ысык-Көл мамлекеттик коругунун базасында уюштурулду.

Борбордун негизги милдеттери

  • жапайы жаныбарларды генетикалык деңгээлде изилдөө;
  • жапайы фаунанын ооруларын изилдөө;
  • оорулуу жана жарадар болгон жаныбарларды дарылоо;
  • аларды реабилитациялоо.

Борбор оорулуу жана жарадар болгон жаныбарларды кабыл алып, дарылап, кайра жаратылышка коё берет. Бул аймактагы биологиялык ар түрдүүлүктү сактоого кошумча салым болмокчу.