Баткен шаарынын борбордук көчөлөрүндө оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат. Мурат Салихов жана Сайдиман ажы көчөлөрү төрт тилкеге чейин кеңейтилип, асфальт төшөлүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Курулуш иштеринин жүрүшүн президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев текшерди. Ал тиешелүү мекемелердин жана уюмдардын жетекчилерине курулуш иштерин тездетүүнү, инженердик коммуникациялар боюнча тоскоолдуктарды профилдик кызматтар менен биргеликте ыкчам чечүүнү тапшырды.
Жолдорду белгиленген мөөнөттө сапаттуу бүтүрүп, шаар тургундарына ашыкча ыңгайсыздык жаратпай, пайдаланууга өткөрүү зарыл.
Узундугу бир километр болгон тилкеде эки катмар асфальт төшөө, светофорлорду жаңылоо, жол жээктерине бордюрларды орнотуу жана башка иштер каралган. Бул чаралар жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга, тыгындарды азайтууга жана шаар ичиндеги кыймылды жакшыртууга багытталган.
Мындан тышкары, шаарда курулуп жаткан 10 миң орундуу жаңы футбол стадионуна алып баруучу жолду төрт тилкеге чейин кеңейтүү жана асфальттоо үчүн жер казуу иштери жүрүүдө.
Облус борборундагы эки жолдун курулушуна республикалык бюджеттен жалпысынан 100 миллион сом каралган.
Курулуштун негизги көрсөткүчтөрү
























