Жети-Өгүз районундагы Жеңиш айылында таза ичүүчү сууну алуу долбоору ийгиликтүү аяктап, жергиликтүү калкынын жашоо сапаты жакшырды. Бул тууралуу Turmush басылмасы кабарлады.
Долбоор Иссык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланып, айылдагы Талаай Орузбаева көчөсү, 1 дарегинде жүзөгө ашырылды. Аталган жер тилкесинде 0,10 гектар аянтта 150 метр тереңдикте буруу иштери жүргүзүлдү.
Жаргылчак айыл өкмөтүнүн башчысы Бактияр Ургазиевдин айтымында, долбоордун негизги максаты – айыл тургундарына үзгүлтүксүз таза ичүүчү суу камсыздоо менен инженердик инфраструктураны өнүктүрүү болуп саналат.
Жалпысынан долбоорго Иссык-Көл облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 14 млн 476 миң 706 сом бөлүнүп, анын натыйжасында айыл тургундарынын жашоо шарттары жакшырды, суу системасынын иштеши натыйжалуу болду.












