Кош бойлуулукка даярдык бала төрөлө электе эле башталып, психологиялык жана физикалык аспекттерди камтышы керек. Бул тууралуу "Биринчи радионун" түз эфиринде сертификацияланган төрөт тренери, доула Махабат Алиева билдирди.

Адистин айтымында, болочок ата-энелерге балалуу болуу маселесине алдын ала мамиле кылып, биргеликте даярдануу маанилүү. Ошол эле учурда йога же пилатес сыяктуу физикалык даярдык гана кош бойлуулукка толук кандуу даярдык үчүн жетишсиз.

Психологиялык даярдык өтө маанилүү. Психологиялык даярдык биринчи орунда турат.
Махабат Алиева, төрөт тренери

Ал кош бойлуулукту пландаштырууда аялдын же эркектин ден соолугундагы мүмкүн болгон көйгөйлөрдү өз убагында аныктоо зарылдыгын баса белгиледи. Андай учурда жубайлар профилдик дарыгерлерге кайрылып, керектүү сунуштарды алып, зарыл болсо дарылануудан өтө алышат.

Доуланын пикиринде, эрте даярдануу болочок ата-энелерге кош бойлуулукка жоопкерчиликтүү мамиле кылууга жардам берет жана текшерүүлөр менен консультацияларга, анын ичинде генетиктерге кайрылууга убакытты колдон чыгарбоого мүмкүндүк берет.