Улуттук банктын маалыматы боюнча, кылмышкерлер өздөрүн каржы консультанттары катары көрсөтүп, Улуттук банктын атынан жасалма сертификаттарды жөнөтүшөт жана жылына 1% менен кредит сунушташат.

Улуттук банк жарандарга кредит бербейт жана мессенджерлерде консультация бербейт.
Улуттук банктын билдирүүсүнөн

Алдамчылардан коргонуу үчүн төмөнкү эрежелерди сактоо керек:

  • Мессенджерлердеги сертификаттардын сүрөттөрүнө ишенбеңиз.
  • Шектүү шилтемелерге өтпөңүз.
  • Ырастоо коддорун жана карта маалыматтарын эч кимге бербеңиз.
  • Шашылыш чечим кабыл албаңыз.