Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңеши 2025-жылдын 12-сентябрындагы №74 чечими менен Бажы бирлигинин «Парфюмерия-косметикалык продукциянын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөрдү кабыл алды. Бул тууралуу ЕЭК билдирди.
Өзгөртүүлөр парфюмерия-косметикалык продукциянын курамына карата талаптарды тактайт: колдонууга тыюу салынган заттардын, чектөөлөр менен уруксат берилген заттардын, уруксат берилген боёктордун, консерванттардын жана ультрафиолет фильтрлеринин тизмелери жаңыланат.
Долбоор формальдегиддин максималдуу теориялык концентрациясынын деңгээли боюнча кийинкиге калтырылган норманы карайт. Даяр продукциядан бөлүнүп чыгышы мүмкүн болгон формальдегиддин маалыматы маркировкада көрсөтүлүшү керек.
Жаңы норма 2027-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет. Андан кийин маркировкада «Формальдегид бар» деген сөздөр формальдегиддин теориялык концентрациясы 0,001% дан ашкан учурда жазылышы керек.
Формальдегиддин босого концентрациясы















