Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева Кыргызстанда психологдордун ишмердүүлүгүн жөнгө салган мыйзам долбоорун даярдап жатканын билдирди. Анын айтымында, өлкөдө бул тармакты жөнгө салган өзүнчө мыйзам жок.

Депутаттын айтканына караганда, коомдо өзүн психолог деп жарыялаган, бирок тийиштүү кесиптик билимге ээ эмес адистер көбөйүүдө. Алар кээде социалдык тармактарда консультацияларды 3төн 10 миң сомго чейин сунуштап жатышат.

Сурабалдиева кийин эки-үч айлык курстарды бүткөн адамдар да балдарга консультация берип, иштеп жаткан учурлар бар экенин белгиледи. Ал кесиптик билимсиз психологдор жарандардын психологиялык саламаттыгына доо кетириши мүмкүн деп эсептейт.

Депутат бул мыйзамдын негизги багыттарынын бири катары психолог деп аталууга тийиштүү кесиптик билим жана квалификациясы бар адамдар гана мыйзам чегинде уруксат алып иштөөнү сунуш кылууда.

Андан тышкары, мыйзам долбоору психологдордун бирдиктүү реестрин түзүүнү караштырууда. Мындай реестр аркылуу жарандар адистин дипломун, тажрыйбасын жана квалификациясын алдын ала текшере алышат.

Бул демилге кесиптик коомчулук, психологдордун ассоциациялары жана тажрыйбалуу адистер менен талкууланып жатат. Мыйзам кабыл алынгандан кийин жарандардын укуктарын коргоо күчөйт деген үмүт бар.