Жалал-Абад облусунда кош бойлуу аялдарга көзөмөл күчөтүлдү. Буга чейин облустун ар бир районунда жана шаарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдөгү, төрөт аралыгын сактабаган жана ден соолугу кооптонууну жараткан кош бойлуулардын тизмеси түзүлгөн.

Бул иш-чара президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси Манас Пазылбековдун айтымында, балдар өлүмүн азайтуу, тубаса оорулардын алдын алуу жана энелердин өлүмүнө жол бербөө максатында күчөтүлдү.

Жыл сайын облуста болжол менен 26–27 миң бала төрөлөт. Өткөн жылы 202 бала өлүү төрөлгөн, ал эми бир жашка чейин чарчап калган балдардын саны 300 болду. Жалпысынан биз 503 баладан айрылдык.
Манас Пазылбеков, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппарат жетекчиси

Статистика: өткөн жылдагы жоготуулар

Өткөн жылы облуста

202өлүү төрөлгөн бала
300бир жашка чейин чарчап калган балдар
503жалпы жоготуу

Бул жылы 8 ай ичинде 17 миңден ашуун төрөт катталып, 97 бала чарчап калган. Ата-энелер менен сурамжылоо жүргүзүлүп, дарыгерлерге кайрылуулар жасалган. Негизги себептер менен иштөө аракети көрүлүүдө.

Жыйындарда жана талкууларда бир катар маселелер көтөрүлдү: аз камсыз болгон жана кедей үй-бүлөлөрдө дары-дармек менен витаминдер өз убагында кабыл алынбайт, аялдар төрөткө даярданбайт, кош бойлуулуктар арасындагы аралык сакталбайт.

Жергиликтүү бийлик органдары жана дарыгерлер үй-бүлө мүчөлөрү менен күйөөсүнүн туугандары тарабынан жаш аялдарга колдоо көрсөтүү зарылдыгы тууралуу баарлашууларды өткөрүшөт. Айрым жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары кош бойлууларга колдоо көрсөтүүдө.