Кош бойлуулук — эненин ден соолугу келечектеги баланын ден соолугуна түздөн-түз таасир этүүчү өзгөчө мезгил. Бул тууралуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунан билдиришти.
Борбордун маалыматы боюнча, дарыгердин үзгүлтүксүз көзөмөлү мүмкүн болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктоого, кабылдоолорду алдын алууга жана баланын нормалдуу өнүгүүсүн камсыздоого жардам берет.
Кош бойлуулук тастыкталгандан кийин мүмкүн болушунча эртерээк үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат. Адистер 12 жумага чейин эсепке туруп, керектүү текшерүүлөрдөн өтүү зарылдыгын белгилешет.
Дароо медициналык жардамга кайрылуу керек болгон белгилер
Төмөнкү белгилер байкалган учурда токтоосуз медициналык жардамга кайрылуу зарыл:
- Кандуу бөлүнүүлөр
- Ичтин катуу оорушу
- Жогорку температура
- Катуу баш оору
- Беттин жана колдун шишиши
- Көрүүнүн начарлашы
- Тогуз айлык суунун агуусу
- Талма кармоо
- Катуу алсыздык же дем кыстыгуу
- Баланын кыймылынын азайышы же таптакыр токтошу
Кош бойлуулук учурундагы негизги сунуштар
- Үй-бүлөлүк дарыгерге үзгүлтүксүз кайрылуу
- Медициналык кызматкерлердин сунуштарын сактоо
- Толук кандуу жана ар түрдүү тамактануу
- Жетиштүү эс алуу жана уйку
- Дарыгердин сунушу боюнча физикалык активдүүлүктү сактоо
- Тамеки чегүүдөн, алкоголдон жана өз алдынча дарылануудан баш тартуу
- Эмчек эмизүүгө жана жаңы төрөлгөн баланы багууга алдын ала даярдануу
Дарыгердин үзгүлтүксүз көзөмөлү мүмкүн болгон тобокелдиктерди өз убагында аныктоого, кабылдоолорду алдын алууга жана баланын нормалдуу өнүгүүсүн камсыздоого жардам берет.
Эрте эсепке туруу тобокелдиктерди аныктоого жана баланын туура өнүгүүсүн камсыздоого мүмкүндүк берет. Кош бойлуу аялдар үчүн ден соолукту сактоо — эң маанилүү артыкчылык.






