Министр Канатбек Чыныбаев облустагы жумушчу сапарынын алкагында Ысык-Көл районунун Темир айылында курулуп жаткан Арчалуу сел өткөрүүчү каналынын абалы жана Кашат айылындагы турак үйлөргө жакын жайгашкан Чоң-Ак-Суу дарыясынын жээктерин бекемдөө иштери менен жеринен таанышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Темир айылындагы Арчалуу сел өткөрүүчү каналынын жалпы узундугу 2040 метрди түзөт. Анын нугуна 11 ички көпүрө курулат. Курулуш аяктагандан кийин айылдагы 200дөн ашык турак үй, чарбалык жолдор, ошондой эле БишкекКаракол негизги автоунаа жолунун 600 метрлик бөлүгү селден корголот.

Ысык-Көл районунун Кашат айылында турак үйлөрдүн жанынан аккан Чоң-Ак-Суу дарыясынын 1000 метрлик нугунун оң жана сол жээктерин таш менен бекемдөө иштери жүрүп жатат. Бул иштердин натыйжасында дарыя жээгиндеги турак үйлөр, 5 гектар айыл чарба жерлери, конок үйлөрү, 2 ишкана, көп жылдык мөмөлүү дарактар, ошондой эле Бишкек — Каракол автожолунун 200 метрлик бөлүгү суу ташкындарынан корголот.