Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарынын 149 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Ал өз сөзүндө бүгүнкү күндө Кыргызстан масштабдуу өзгөрүүлөрдүн жолунда экенин баса белгиледи.

Экономикалык келечек жана аймактын ролу

Касымалиевдин айтымында, 2027-жылы ички дүң продукт 3 триллион сомго жетет, ал эми консолидацияланган бюджет 1 триллион сомдон ашат. Ал Жалал-Абад облусу Кыргызстандын энергетикалык таянычы экенин баса белгилеп, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу жана Түндүк — Түштүк альтернативалуу автомобиль жолу аймактын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип жатканын айтты.

Экономикалык болжолдор (2027-жыл)

3 триллионсом — ИДП көлөмү
1 триллионсом — консолидацияланган бюджет

Шаардын тарыхы жана жаңы аталышы

Министрлер кабинетинин төрагасы шаардын тарыхы 149 жыл менен гана чектелбесин айтты. Расмий тарых 1877-жылдан башталат, ал эми 2025-жылы шаарга «Манас» деген аталыш ыйгарылган.

Жаңы объектилердин ачылышы

Майрам күнү Жалал-Абад облусунда 18 социалдык жана өнөр жай объектиси пайдаланууга берилди. «Асман Резиденс» алгачкы үч турак жай комплексинде ээлерине 1 миң 224 батирдин ачкычы тапшырылды. Ошондой эле «Асман-Резиденс-7» жана «Асман-Резиденс-8» турак жай комплекстеринде дагы 1 миң 740 батирдин курулушу аяктады.

Сөзүнүн аягында Адылбек Касымалиев ардагерлерге, куруучуларга, ишкерлерге жана шаардын өнүгүшүнө салым кошкон бардык жашоочуларга ыраазычылык билдирип, шаардыктарды майрам менен куттуктап, бекем биримдик, тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өсүүнү каалады.