Нарын облусунун Кочкор районунда 1-5-июль күндөрү катуу нөшөрлүү жаан-чачын жана селдик агымдар болду. Бул табият кырсыгынан мүмкүн болгон чыгымдарды эсептөө иштери жүрүп жатат.

Өкмөттүн маалыматына караганда, Ормон-Хан айыл өкмөтүнүн аймагында бир нече өзгөчө кырдаал катталды. Айрыкча, Көл-Үкөк жайлоосунда жайгашкан малчынын 13 кой-эчкиси дайынсыз жоголду.

Сары-Булак айылында сел суу менен бир турак үй жана чарбалык курулуш капталды. Комиссиянын алгачкы баасы боюнча үй ээси 500 миң сомдук зыян тартты.

Катуу жаандын таасири менен Кара-Саз айылындагы жана Исакеев айылына жакын жайгашкан Көл-Үкөк жайлоосунда тогуз көпүрө сел агымынын натыйжасында шайылган. Бул көпүрөлөр жайлоолорго, айыл чарба аянттарына жана чарбалык имараттарга барууга маанилүү жолдорду камсыз кылчу.

Мындан тышкары, Семиз-Бел айылында узундугу 20-25 метр болгон ирригациялык лоток бузулуп, жараксыз абалга келди.

Зыяндын негизги көрсөткүчтөрү

8,260,000жалпы зыян суммасы (сом)