Айыл чарба министрлигинин Асыл тукум мал чарба, жайыт жана тоют департаментинин директору Мыктыбек Каландаров билдиргендей, жакынкы жайыттар бузулуп, аларды калыбына келтирүү зарылчылыгы келип чыккан. Ошондуктан малды алыскы жайыттарга которуу чечими кабыл алынган.
Программаны ишке ашыруу үчүн райондордун акимдерине, айыл өкмөттөрүнө, Өзгөчө кырдаалдар министрлигине жана Транспорт министрлигине тапшырмалар берилген. Алар алыскы жайыттарга баруучу жолдорду, көпүрөлөрдү жана суу ичүүчү жайларды даярдашы керек. Ар бир айыл өкмөтү боюнча маалыматтар чогултулуп, алардын негизинде буйрук чыгарылат.
Алыскы жайыттарда муздаткычтары бар 50 танкер орнотулат. Бул танкерлерге сүт чогултулуп, андан соң заводдорго же кайра иштетүүгө жөнөтүлөт. Бул мал чарбачыларынын продукциясын сактоого жана өткөрүүгө шарт түзөт.







