Кемин районунун Кичи-Кемин айылынын билим берүү системасынын тарыхы жана анын белгилүү бүтүрүүчүлөрү тууралуу маалыматты Turmush басылмасына №5 китепкананын башчысы Роза Норузбаева айтып берди. Буга чейин айылдын тарыхы тууралуу материал жарыяланган.
Анын айтымында, 1920-жылдары эле бул жерде биринчилерден болуп мектеп уюшулуп, балдарды окууга тартуу жана сапаттуу билим берүү иштери жакшы жолго коюлган. Ал тургай согуш учурунда да, мугалимдердин жетишсиздигине карабастан, билим берүү жогорку деңгээлде сакталып калган. Мектептин алдында интернат ачылып, ага Кемин районунун бардык айылдарынан балдар келип окушкан.
Айылдын аталышы Кичи-Кемин болгону менен, эл арасында көрүнүктүү бүтүрүүчүлөрүнүн аркасында аны «Чоң-Айыл» деп сыймыктануу менен аташат. Жергиликтүү тургундар жергиликтүү мектепте билим алган окумуштуулар, академиктер, акындар, жазуучулар жана коомдук ишмерлер менен сыймыктанышат.
Мектептин жетекчилери
Мектеп негизделгенден бери анда төмөнкү жетекчилер иштешкен:
Мектептин жетекчилери:
Жетекчилер · 27
- Садык Төлөгөнов
- Мүсүралы Копобаев
- Өмүралы Кулукеев
- Кадыр Жаныбеков
- Имаш Алыкеев
- Сексеналы Жумагулов
- Бошкоев
- Орозбек Чокобаев
- Убайдылда Кудаймендиев
- Бейшеналы Айдыралиев
- Касымов
- Жаналиев
- Чагыров
- Капар Иманов
- Көкөнов
- М.К. Фаттахов
- Эмилбек Оторбаев
- К.Мусаев
- А.Райымкулов
- Айна Шейшенова
- Темирбек Керимкулов
- Адилет Өмүралиев
- Эркинбек Үсөнов
- Жылдыз Өмүралиев
- Ишенбек Сооронбаев
- Калыбек Өмүралиев
- Нарынбек Өмүралиев













