Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Касымалиев Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында бир катар объекттердин курулуш жана реконструкция иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты.
«Айтматов Ааламы» комплекси
Касымалиев «Айтматов Ааламы» тарыхый-мемориалдык комплексинин курулушун көрүп чыгып, долбоордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат алды. Бул комплекс дүйнөгө таанымал кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун өмүрүнө жана чыгармачылык мурасына арналган заманбап маданий-мемориалдык жайга айланат.


































