Бишкек, Каракол жана Кербен шаарларынан келген 130 мектеп окуучусу Яндекс Кыргызстан программалоо мектебинин акысыз курсун ийгиликтүү аякташты. Алар бир жыл бою Python тилин, алгоритмдерди жана өнүктүрүүнүн негиздерин үйрөнүп, алган билимдерин практикада колдонушту.
Бул жылы программага болгон кызыгуу өзгөчө жогору болду: 1300дөн ашык арыз келип түшкөн. Мунун натыйжасында, Яндекс Кыргызстан орундардын санын эки эсеге көбөйтүп, онлайн окутууну баштады. Бул чечим заманбап IT-көндүмдөрдү Бишкектен тышкары, өлкөнүн башка аймактарындагы окуучуларга да жеткиликтүү кылууга мүмкүндүк берди.
Яндекс Кыргызстан программалоо мектебине жаңы кабыл алуу сентябрь айында ачылат. Катышуучу болуу үчүн тестирлөөдөн жана маектешүүдөн өтүү керек. Программа тууралуу кененирээк маалымат жана каттоо баштоо тууралуу жаңылыктарды долбоордун сайтынан тапса болот.




